www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу күн мурун Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Бахтиёр Саидовдун жолугушуусунда маалым болду.
Жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча конкреттүү планын бекитишти.
Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдарда, анын ичинде БУУ, КМШ, ШКУ, ТМУ, ИКУ жана башкаларда кызматташуу маселелери талкууланып, бул түзүмдөрдөгү кызматташуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн негизги элементи бойдон калары белгиленди.