www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизилет. Мындай чечим министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында кабыл алынды.
Ведомстводон маалымдашкандай, мамлекеттик көзмөлдөөнүн максаты – эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан кирип-чыгышын контролдоо, малды экспортоого сандык чектөө киргизүү.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө аймагында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жана анализ жүргүзүп туруу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлөт. Ал эми министрликке караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлердин ветеринардык-санитардык көзөмөлүн күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчилик менен күрөшүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.