www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы селлерлер жана маркетплейстердин өкүлдөрү менен биргеликте электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын пайдалануу менен товарларды тесттик жөнөтүүнү ишке ашырды.

Сыноонун жыйынтыгында товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Россия Федерациясына ийгиликтүү алып чыгуу камсыздалды.

Бул форманы киргизүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган.

Электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактура товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарганга чейин электрондук документ түрүндө таризделет.

Бул документ электрондук соода аянтчалары аркылуу кийинки сатууга арналган товарлардын кыймылын документтик коштоо үчүн гана колдонулат.

Белгилей кетсек, мындай эсеп-фактураны тариздөө товарларды сатуу фактысы болуп эсептелбейт жана салык милдеттенмелеринин жаралышына алып келбейт.

Электрондук эсеп-фактура маалыматтар системасында электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактураны тариздөөнүн тартиби:

 1. Электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына (ЭЭФ МС) кириңиз жана «Маркетплейстер үчүн ЭЭФ» бөлүмүнө өтүңүз.
 2. Экрандын оң жак жогорку бурчундагы «Кошуу» баскычын басыңыз.

Андан кийин салык төлөөчү электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибине ылайык тиешелүү талааларды белгиленген тартипте толтурууга тийиш.

Белгилей кетсек, электрондук соода аянтчасындагы соода ишмердүүлүгүнүн алкагында таризделген эсеп-фактурага өзгөртүү киргизүүгө болбойт жана ал жараксыз деп табылбайт.

Ушуга байланыштуу салык төлөөчү бардык маалыматтарды толук, так жана катасыз толтурууга милдеттүү, анткени киргизилген маалыматтарды кийин жокко чыгарууга же өзгөртүүгө болбойт.

Последние новости