www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу байланышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө азербайжан тарап Азербайжан Республикасынын Нахчыван аэропортунда Ирандын учкучсуз аппаратынын кыйрашына байланыштуу окуя тууралуу маалымат берди.

Министр Жээнбек Кулубаев окуяга тынчсыздануусун билдирип, эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге колдоо сөздөрүн жеткирди.

Последние новости