www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-марттта Ирандан учурулган дрондор Азербайжандын Нахчыван аймагына сокку уруп, Нахчыван эл аралык аэропортунун жанында өрт чыкты. 

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагынан учурулган учкучсуз аппараттардын соккулары Нахчыван Автономиялык Республикасынын аэропортунун терминалын жана Шекерабад айылынын жанындагы мектеп имаратын бутага алганын ырастады.

"Иран Ислам Республикасынын аймагынан жасалган дрон соккуларын катуу айыптайбыз, бул кол салуу аэропорттун имаратына зыян келтирип, эки жай тургундун жаракат алышына алып келди", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Баку бул чабуулдарды аймактык чыңалууну күчөткөн эл аралык укукту бузуу катары сыпаттап, Ирандан тез арада түшүндүрмө берүүнү жана алдын алуу чараларын көрүүнү талап кылды.

"Биз Иран Ислам Республикасынан бул маселени тез арада тактап, түшүндүрмө берип, келечекте мындай окуялардын кайталанышына жол бербөө үчүн зарыл жана шашылыш чараларды көрүүсүн талап кылабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Азербайжан өкмөтү мындай чабуулдар кайталанса, тиешелүү чаралар менен жооп берүү укугун өзүнө калтыраарын эскертти.

Ирандын Азербайжандагы элчиси Можтаба Демирчилу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Министрлик: "Иран тарапка катуу нааразычылык билдирилет жана тиешелүү нааразылык нотасы тапшырылат", - деп маалымдады.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев дрон чабуулу үчүн Иранды күнөөлөдү.

"Азербайжан мамлекетине каршы Иран тарабынан "террордук акт" жасалды. Биздин Куралдуу күчтөрүбүзгө Ирандын дрон чабуулдары боюнча көрсөтмөлөр берилген. Ирандын расмий өкүлдөрү түшүндүрмө берип, Азербайжандан кечирим сурашы керек", - деди Алиев.

Последние новости