www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салкын Сарногоева маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Буга чейин бул кызматты Марат Тагаев аркалап келген, ал Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп дайындалды.

Салкын Сарногоева буга чейин министрликтин маалымат саясаты башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеп келген.

Ал 1974-жылдын 29-декабрында туулган. 2015-жылдын февралынан 2019-жылдын июлуна чейин Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары болгон. 2019-жылдын 28-июнунда аталган департаменттин директору болуп дайындалган.

Последние новости