www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 15-май күнү, Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалып жаткан “Чолпонум” мюзикли Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Көркөм-эксперттик комиссиясына сунушталды.

Көрсөтүүдөн кийин мюзикл комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңири талкууга алынып, чыгарманын көркөм деңгээли, режиссурасы, музыкалык жана сахналык чечимдери боюнча сын-пикирлер, сунуштар айтылды.

Талкуунун жыйынтыгында Көркөм-эксперттик комиссия мүчөлөрү “Чолпонум” мюзиклин бир добуштан колдоп, көрүүчүлөргө тартуулоого оң корутунду беришти.

Белгилей кетсек, аталган мюзикл Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дастанчы Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине карата даярдалууда.

Последние новости