www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Кылым Банк» ААКсынын акционерин өзгөрттү.
Мамлекет башчысынын 19-августта кол койгон №296 жарлыгына ылайык, «Кылым Банктын» акционеринин ыйгарым укуктарын аткаруу функциялары Каржы министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөт.
Өкмөткө тиешелүү чечимдерди жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды. Ал эми Президенттин Иш башкармалыгы Каржы министрлиги менен биргеликте зарыл чараларды көрүп, мамлекеттик мүлктү «Кылым Банкка» пайдаланууга өткөрүп берет.
Жарлык расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин, 1-сентябрда күчүнө кирет.
«Кылым Банк» 2025-жылдын январында 100% мамлекеттик катышуу менен түзүлгөн. Банктын уставдык капиталын 2027-жылга чейин 5 млрд сомго жеткирүү пландалган.