www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Франция Сенатынын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда саясий, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-француз эки тараптуу мамилелери тууралуу пикир алмашуу болгон.

"Садыр Жапаров парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө, анын ичинде өз ара сапарларды, парламентарийлердин жолугушууларын уюштуруу өлкөлөр ортосундагы саясий диалогду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар туризмди өнүктүрүү жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу пикир алмашканы айтылды. Ошондой эле Садыр Жапаров француз сенаторлорунун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында Нарын, Каракол, Жыргалаң жана Ысык-Көлгө баруу ниетин кубаттаганы белгиленди.

Аягында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди кеңейтүүгө салым кошууга даяр экендиктерин тастыкташкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости