www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук транспортто жол кире көтөрүлбөсө автобустар өзүн-өзү актабайт. Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында Бишкектин вице-мэри Мирлан Байгөнчөков билдирди.

Жыйында депутат Элдар Абакиров автобустар азыркы тарифтер менен канча жылда өзүн-өзү актай турганын сураган.

"Автотранспорттук ишкана дотациялык, жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Эгерде андай кылбайбыз десек, анда тарифтерди көтөрүү зарыл. Азыркы жол кире накталай 20, накталай эмес 17 сом. Бул тарифтер менен автобустар өзүн-өзү актабайт. Эгерде жол кире 25 сом болсо 8-10 жылда акташы мүмкүн. Ошондо да инфляция ооздукталып, тетиктердин баалары жана валюта курсу өспөй турушу зарыл", — деди Байгөнчөков.

Ошондой эле ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолдору каралганын айтып, алар дагы жол кирени көтөрүү зарылдыгын белгилегенин кошумчалады.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости