www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Олимпиада оюндарындагы дагы эки атаандашы белгилүү болду.

Лицензиянын бирин казакстандык Айдос Султангали жана экинчисин түндүк кореялык Се Унг Ри алды.

Айдос Султангали жана Се Унг Ри

Париждеги Олимпиадага 60 кг салмакта жолдомо алган балбандар:

1. Кыргызстан — Жоламан Шаршенбеков(дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш байгенин ээси болгон (2018, 2021-жыл), Азиянын үч жолку чемпиону (2022,2023, 2024-жыл) жана эки жолу күмүш уткан (2018, 2020-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл)

2. Япония — Кеничиро Фумита (Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2020), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2017, 2019-жыл) жана күмүш менен коло байгелеринин ээси (2023, 2022-жыл), Азиянын эки жолку чемпиону (2017, 2020-жыл) жана коло байгесинин ээси)

3. Кытай — Лигуо Као (дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (2023-жыл), Азия чемпионатында эки ирет коло уткан (2023, 2024-жыл)

4. Өзбекстан — Исломжон Бахромов (2023-жылы дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болгон, Азия чемпиону (2019-жыл) жана эки жолу коло тагынган (2018, 2020-жыл)

5. Иран — Мехди Мохсен Нежад (Азия чемпионатында эки жолу күмүш (2021-2022-жыл) жана бир ирет коло (2020-жыл) уткан)

6. Венесуэла — Райбер Родригез Орозчо (Пан-Америка чемпионатында бир ирет алтын (2024-жыл), эки жолу коло уткан (2016, 2023-жыл), 2022-жылы Түштүк Америка оюндарында жана 2023-жылы Пан-Америка оюндарында коло уткан

7. Куба — Кевин Ди Армас Юран (2023-жылы Пан-Америка чемпионатында коло, Пан-Америка оюндарында күмүш тагынган)

8. Алжир — Абделкарим Фергат (Африканын 4 жолку чемпиону (2018, 2019, 2020, 2022-жыл), Африка оюндарынын коло байге ээси (2024-жыл).

9. Египет — Моамен Ахмед Раби Мохамед (Африканын 1 жолку чемпиону (2019-жыл), Африка оюндарынын жеңүүчүсү (2024-жыл)

10. Молдова — Виктор Чобану (дүйнө чемпиону (2021-жыл), бир ирет күмүш уткан (2018-жыл), Европанын бир жолку чемпиону (2019-жыл), 3 ирет күмүш уткан (2014, 2023 жана 2024-жыл), Европа оюндарынын коло байге ээси (2019-жыл)

11. Түркия — Энес Башар (дүйнө чемпионатынын (2023-жыл) жана Европа биринчилигинин коло байге ээси (2018-жыл)

12. Казакстан – Айдос Султангали (дүйнө чемпионатында эик жолу коло уткан (2018, 2022-жыл), Азия чемпиону (2021-жыл)

13. Түндүк Корея — Се Унг Ри (Азия чемпионатында күмүш (2019-жыл) жана Азия оюндарында коло байге тагынган (2023-жыл)

Азырынча Шаршенбековдун Олимпиададагы 12 атаандашы белгилүү болду. Дагы үчөө Стамбулдагы дүйнөлүк лицензиялык мелдеште аныкталат. Эскерте кетсек, Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдешке ар бир салмактан 16дан спортчу катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости