www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Румыниянын президенти Николай Дан “эгер Молдова элинин көпчүлүгү колдосо, биригүүнү карап көрөбүз” деп айтканда, көпчүлүк үчүн бул жөн гана саясий риторика сыяктуу кабыл алынган. Румыниянын эл арасында “биригүү” идеясы 56% колдоо тапкан.
Ал эми Молдовада абал башка. 31–38% гана “Румынияга кошулабыз” дегенге макул. Демек, бир эле сөз менен айтканда колдоо көпчүлүктү түзбөйт. Себеби Молдованын ичиндеги Приднестровье жана Гагаузия аймактары кошулууга кескин каршы. Демек, Румыниянын аннексиясы ички согушка айлануучу кооптуу мина.
Арийне Молдованын Румынияга кошулушу НАТОнун Россиянын чек арасына жакындоо деген сөз. Приднестровьедеги 200 миңдей адамдын көпчүлүгү орус паспортуна ээ. Демек, Москва “жарандарын коргоо” деген логика менен аракетке өтүшү мүмкүн.
Ошондуктан Европа бул кадамды азыр жасоого өтө кооптонуп турат. Анткени Украинадагы согуштан кийин, жаңы согуш очогун ачуу Европа үчүн “өзүнө от жагуу” дегенге барабар.
Молдованын азыр Батышка ыктап, Орусиядан алыстап баратканы айтылып жатат. Бирок “биригүү” деген сөз жөн гана бир мамлекеттин аймагын кеңейтүү эмес. Бул жаңы согуштун, жаңы кризистин башталышы экенин эксперттер айтышууда.