www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жаңы дайындалган директору Токтомамбетов Эркин Божокоевичти окуу жайдын жамаатына расмий түрдө тааныштырды.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышты. Тааныштыруу аземи Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жамаатынын катышуусунда өтүп, анда Жогорку соттун төрагасы аталган окуу жайдын сот тутумундагы ролуна жана алдыдагы негизги милдеттерине токтолду.
Медербек Сатыев Сот адилеттигинин Жогорку мектеби сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатууда, судьялардын кесиптик ой жүгүртүүсүн, этикасын жана көз карандысыздыгын калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Ошондой эле укуктук мамилелердин татаалдашуусу, санариптештирүү процесстеринин өнүгүшү жана ачык-айкындуулукка болгон коомдук талаптар окуу жайдан жаңы ыкмаларды жана заманбап окутуу форматтарын киргизүүнү талап кыларын белгилеп, Сот адилеттигинин Жогорку мектеби сот тутумунун интеллектуалдык борбору катары өнүгүшү зарыл экенин айтты.
Жогорку соттун төрагасы директорлук кызматка ири судьялык жана башкаруучулук тажрыйбасы бар жетекчинин дайындалышы окуу жайдын ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдирди. Анын айтымында, жаңы директордун алдында окутуунун сапатын жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын киргизүү жана Сот адилеттигинин Жогорку мектебин бардык деңгээлдеги судьялар, сот кызматкерлери жана укук коргоо органдары үчүн бирдиктүү кесиптик өнүгүү аянтчасына айлантуу милдеттери турат.
Сөзүнүн соңунда Медербек Сатыев Токтомамбетов Эркин Божокоевичке жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, анын тажрыйбасы жана стратегиялык көз карашы Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин ролун бекемдеп, сот бийлигинин интеллектуалдык жана кадрдык өнүгүү борборуна айлантат деген ишенимин билдирди.
Эске сала кетсек, Токтомамбетов Эркин Божокоевич 1985–1990-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алып, жогорку юридикалык билимге ээ болгон. Эмгек жолун 1982–1985-жылдары Бишкек шаарындагы прибор куруу заводунда жумушчу жана айдоочу болуп баштаган.
1990–1992-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасында стажёр-тергөөчү болуп иштеп, тергөө жана прокурордук көзөмөл боюнча практикалык тажрыйба топтогон.
1992–1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында бөлүмдүн прокурору, 1993-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген.
1993–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын жардамчысы, 1995-жылы Конституциялык соттун бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.
1994–1996-жылдары эл аралык жана коммерциялык түзүмдөрдө, анын ичинде «Кыргызстан–Германия–Европа» эл аралык борборунда жана «Хэнфэн-ЛТД» Гонконг банкы менен иш алып барган.
1996–1997-жылдары Бишкек шаарындагы «Медфарм» биргелешкен ишканасында юридикалык кызматтын башчысы болуп иштеген.
1997–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку арбитраждык сотунда жана Чүй облусунун Арбитраждык сотунда жетекчилик кызматтарды ээлеген.
1999–2008-жылдары Чүй облусунун сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген.
2008–2009-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун төрагасы болгон.
Ал эми 2009–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары, андан соң Жогорку соттун судьясы болуп эмгектенген.
Коомдук ишмердүүлүгү жана сыйлыктары:
1998 жана 1999-жылдары Чүй облусунун губернаторунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
2008-жылы Судьялар кеңешинин мүчөсү, кийин төрагасынын орун басары болуп шайланган.