www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Украинага каршы согушка катышуу үчүн Африка өлкөлөрүнүн жарандарын аскердик кызматка тартууну көбөйттү. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Украинанын чалгын кызматынын маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы Россия армиясына тартылган Бурунди жарандарынын саны 699га, Зимбабведен баргандар 530га жеткен.

Ошондой эле Сьерра-Леоне, Судан, Камерун жана Конго Демократиялык Республикасынан жарандарды тартуу учурлары көбөйгөнү айтылууда. Айрым адамдарга жарандык жумуш сунушталып, кийин согушка жөнөтүлгөнү кабарланууда.

Украинанын чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Россия армиясы менен келишим түзгөн 151 өлкөнүн 45 959 жараны аныкталган. Алардын 5 451и Африка өлкөлөрүнүн жарандары.

Последние новости