www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы институту УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганы айтылган жарандардын кайрылууларын тактап жатат.

Анын ичинде Чаткал районундагы эки факт каралууда. Биринчиси, Жаңы-Базар айылынын тургуну, маркум Касымалы Оморовго байланыштуу болсо, экинчиси Курулуш айылынын тургуну Э.С. боюнча. Оморовдун кызынын арызы менен аскер прокуратурасы тергөөгө чейинки текшерүүнү баштады.

Мындан тышкары, ырчы Аскат Жетигендин УКМКда кыйноого кабылганы тууралуу арызы боюнча Башкы прокуратурага мурда кат жөнөтүлгөн.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, 2026-жылдын тогуз айында кыйноолорго байланыштуу 44 кайрылуу түшкөн. Ал эми 2025-жылы мындай 56 арыз катталган.

Последние новости