www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индия-Тибет чек ара полициясынын (ITBP) жетекчиси Шатруджит Капур Индия менен Кытайдын аскерлери Аруначал-Прадеш штатындагы чек аранын бир нече тилкесинде түздөн-түз кагылышканын билдирди.
Анын айтымында, кагылышуулар июль айында Таксинг секторунда башталып, азыркыга чейин уланууда. Буга байланыштуу Индия чек арадагы аскердик даярдыгын күчөтүп, дрондорду колдонуу жана инфраструктураны өнүктүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин Индиянын айрым расмий өкүлдөрү чек арадагы кагылышуулар тууралуу маалыматтарды четке кагып келишкен. Ал эми оппозиция бийликтен окуялар боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылууда.
Индия өкмөтү Аруначал-Прадешти өлкөнүн ажырагыс бөлүгү деп эсептей турганын билдирип, чек арадагы инфраструктураны өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт бойдон каларын белгилеген.