www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды кыш мезгилине даярданып, мештерди жана морлорду алдын ала текшерүүгө чакырат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Мештин туура эмес орнотулушу, мордун өз убагында тазаланбашы жана жылытуучу жабдууларды этиятсыз колдонуу өрт кырсыктарына алып келиши мүмкүн.

"Өрттүн алдын алуу үчүн кыш башталганга чейин мештин жана мордун абалын текшерип, көөнү тазалоо зарыл. Ошондой эле мордун бүтөлбөгөнүнө, мештин дубалдарында жаракалар жок экенине ынануу керек", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, отун, кагаз жана кездеме сыяктуу күйүүчү буюмдарды мешке жакын коюуга, күйүп жаткан мешти кароосуз калтырууга жана анын жанында кийим кургатууга болбойт. Мешти ашыкча ысытпай, аны жагууда бензин сыяктуу тез тутануучу заттарды колдонбоо керек.

ӨКМ өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо адам өмүрүн жана мүлктү коргоого жардам берерин эскертет.

Последние новости