www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин региондук башкармалыгы чет элдик курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жолугушууда курулуш иштерин бекитилген долбоорлорго ылайык жүргүзүү, курулуш ченемдерин сактоо, эмгекти коргоо жана коопсуздук талаптарын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Ошондой эле курулуш материалдарынын сапатына жана мамлекеттик стандарттардын аткарылышына көңүл бурулду.

Жыйынга «Кыргыз-Кытай-Өзбекстан» темир жолунун курулушун жүргүзүп жаткан «Чайна Рэйлвей Интернэшнл» ЖЧКсынын жана Манас шаарындагы муниципалдык базардын курулушуна жооптуу «Сяо Сан» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында компания өкүлдөрүнө мыйзам талаптарын жана бекитилген долбоордук чечимдерди так сактоо, сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу жана курулуш аянтчаларында коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгы эскертилди.

Последние новости