www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рамазан Дырылдаев 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Рамазан Дырылдаев 1947-жылы Чүй өрөөнүндө туулган. Юридикалык билим алгандан кийин ички иштер тармагында иштеген. 1992–1995-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Кийин Кыргызстан Адам укугу комитетин жетектеп, эл аралык укук коргоо уюмдары менен кызматташкан.

2000-жылдары Кыргызстандан чыгып, Европада жашаган. Өмүрүнүн акыркы жылдарын Түркияда өткөргөнү айтылууда. Чет өлкөдө жашаганына карабастан, Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна аралашып келген. 2010-жылы «Азаттык» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышып, ошол эле жылы «Жаңы Багыт» партиясын негиздеген.

Ошондой эле Дырылдаев Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышын иликтеген жана «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн изилдеген коомдук комиссиялардын мүчөсү болгон.

NazarNews агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Последние новости