www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык белгилүү ырчы, актриса Рианна Vogue журналына берген маегинде Сауд Арабиялык миллиардер Хассан Жамил менен болгон сүйүү мамилесин ачыктады.

Айтканына караганда, ал дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөөнүн мүчөсү менен 2017-жылдан баштап жолугуша баштаган. Экөө мамилесин коомчулуктан канчалык жашырбасын, баары бир папарацци экөөнүн Испаниядагы виллада эс алып жатканын тартып алууга мүмкүн болгон. Рианна буга чейин араб миллиардери менен болгон мамилеси жана боюнда бар экендиги тууралуу сөздөргө жооп бербей жүргөн болсо, эми гана ачыктап жатат.

Маалыматтарга караганда, Хассан Жамил – бизнесмен, анын үй-бүлөөсү Тойота компаниясынын Сауд Арабиядагы дистрибьютору.

Ал эми Рианна – Форбестин версиясы боюнча музыка дүйнөсүндөгү эң бай аял, анын байлыгы 600 миллион доллар экендиги айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости