www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Керек болсо ал дүйнөдө жалгыз экземпляр Арстан Алай деген. Ии ошол, ошонун эми тамашасын мен... анан көптөр түшүнөт. Бирок өзү түшүнбөйт, образга кирип кетет.
Чын айтам ал киши тамашаны ушунчалык ишендире айткандыктан, ал айткандарына кийин өзү кошо ишенип алат.
Эми анын айткандарын талдай кетели. Мына бир кездери ал уктап жатып түшүндө кыш болбой калганын көрөт. Анан чоочуп ойгонуп, олтуруп алып ойлонуп болсо-болбосо дагы муну менен өзүн “пиар” кылып коюуну эп көрөт. Ошентип анысын коомчулукка жарыялап “зима не будет” болуп алган.
Ал эми жакындан бери Арстан Алайдын караанына сыйынып аны “Кудай” деп ээрчиген ишенчээктер чыгыптыр. Ай айланайындар, кайдан көрдүңөр кудайдын саясатка аралашканын. Кадимки эле саясатчы куудулдардай эле “кетсинизм” оорусу менен ооруйт экен го.
Болгону Арстан мырзаны тээ 2013-жылдары түрктөр тамашага салып, “сен кудайсың бизге иштеп бер” деген жери бар экен. Мына ошого катуу ишенип, ал образга берилип кеткен учуру.
Булак: NazarNews.kg