www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия түндүгүндөгү операциясына байланыштуу Түркияга каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. 

Secretary Pompeo@SecPompeo

The U.S. is now implementing sanctions authorities related to ’s ongoing military offensive in northeast , which is endangering civilians and severely undermining the D-ISIS campaign.

3 507

01:20 - 15 окт. 2019 г.

Информация о рекламе в Твиттере и конфиденциальность

1 979 человек(а) говорят об этом

Президент Дональд Трамп кол койгон жарлыкка ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Каржы министрлиги Сириянын түндүгүндөгү тынчтыкты жана туруктуулукту бузууга тиешеси бар Түркиянын каалаган мамлекеттик мекемесине санкция салууга укук алды.

Санкциялар Түркиянын Энергетика, Коргоо жана Ички иштер министрликтерине каршы киргизилди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун белгилешинче, Түркиянын өткөн жумада башталган сириялык күрддөргө каршы операциясы терроризмге каршы күрөш боюнча аракеттерди жок кылып, жай тургундардын өмүрүнө жана жалпы аймактагы туруктуулукка коркунуп жаратууда.

Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечими тууралуу «Твиттердеги» баракчасына жазган Трамп Кошмо Штаттар бул өлкөдөгү өз маселелерин чечкенин жана сириялыктарды түрктөрдөн коргоо ниети жок экенин билдирди.

Түркия Сириянын куралдуу оппозициясынын катышуусунда башталган бул операциянын максаты — чек арасын террорчулардан тазалоо экенин билдирүүдө.

Дүйшөмбү күнү сириялык күрддөрдүн жетекчиси менен Дамаск келишим түзгөн. Ага ылайык, Сириянын өкмөттүк күчтөрү күрддөрдү Түркиянын чабуулунан коргоо үчүн бир катар шаарларда жайгашмай болгон. Күрд өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ Сириядагы аскерлерин чыгарып кетүүнү чечкендиктен, алар расмий Дамаскка ушундай өтүнүч менен кайрылууга аргасыз болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости