www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-августта Россия менен АКШнын президенти Владимир Путин жана Дональд Трамптын Аляскадагы Анкориж шаарында Украина маселесин талкуулаган жолугушуусу болуп өттү.
Путиндин АКШга сапары беш саатка чукул созулду.
Эки өлкөнүн лидерлери 2 саат 45 мүнөткө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин маалымат жыйын уюштуруп, билдирүү жасашты.
РФ президенти Владимир Путиндин сөзүнүн урунттуу жерлери:
Россия АКШ президентинин администрациясынын украин көйгөйүн чечүүдө кошо иш алып барууга болгон каалоосун көрүп турат;
Россия Украинанын коопсуздугу камсыздалышы керек дегенге макул жана бул боюнча кадам таштоого даяр;
Украинадагы азыркы кырдаал Россия үчүн трагедия жана өзөктүү оорунун бири;
Россия Украинадагы согушту жөнгө салуу узак мөөнөттүү болушун, тагыраагы, жаңжал кайра кайталанбашын каалайт;
АКШ менен РФ үчүн жаңы баракты ачып, өз ара алакага кайтуу маанилүү жана зарыл;
Россия менен АКШ соода, энергетика, санариптик чөйрө, жогорку технологиялар жана космосту өздөштүрүү боюнча кызматташса болмок;
Россия менен АКШда жаңы администрация келгенден кийин товар жүгүртүү 20 пайызга өстү.
АКШ президенти Трамптын билдирүүсү:
Жолугушуу мазмундуу болду, бүгүн "көңүл толгудай прогресске жеттик";
Украинанын көйгөйү боюнча Путин менен бир нече маселени сүйлөштүк, бирок азырынча так макулдашуу жок;
Путин менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Зеленскийге, НАТОго жана башкаларга чалып, аларды кабардар кылам;
Биз, президент Путин да Украинадагы жаңжалды эртерээк бүтүрүүгө кызыкдарбыз;
Путин менен мамилем сонун. Экөөбүз көптөгөн оор да, жакшы да жолугушууларды өткөрдүк;
Украинадагы согуш отун өчүрүү үчүн эки тараптын тең "жакшы мүмкүнчүлүгү" бар. Азырынча бир чечимге келе элекпиз, бирок ал үчүн чоң иш жасаган Путин жана анын командасына ыраазылык билдирем;
Путиндин "кийинки жолугушууну Москвада өткөрөлү" деген сунушу кызыктуу экен. Мени бул боюнча жемелешсе керек, бирок баары болушу мүмкүн. Путин менен жакын арада көрүшүүгө ишенем.