www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жогорку окуу жайларды студенттердин өздүк документтерин карыз үчүн кармап калбоого чакырды. Анын айтымында, аттестат жана диплом сыяктуу документтерди күрөө катары кармоо мыйзамсыз.

Жыл башынан бери Акыйкатчы институтуна мындай үч кайрылуу түшкөн. Алардын экөө Ош мамлекеттик университетине, бири Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына байланыштуу.

ОшМУда эки жаран окуу жайга байланыштуу финансылык талаптардан улам документтерин ала албай жүргөн. Акыйкатчы институтунун жана Башкы прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин алар өздүк документтерин кайтарып алышкан.

Ал эми медициналык академияда окуудан чыгарылган жаранга 70 миң сомдон ашык чыгымды төлөмөйүнчө аттестаты берилбей турганы айтылган. Бул боюнча да Башкы прокуратурага окуу жайдын аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү жөнөтүлдү.

Акыйкатчы студент менен окуу жайдын ортосундагы финансылык талаш өзүнчө маселе экенин, бирок жарандардын өздүк документтерин кармап калууга негиз боло албасын белгиледи

Последние новости