www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конго Демократиялык Республикасындагы дарыяда эки кеме кагышып, кеминде 30 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС Associated Press агенттигине шилтеме берип жазды.
Кырсыктан тышкары, бир нече ондогон адам дайынсыз болууда. Конгонун маалымат агенттигинин маалыматына караганда, 57 адам куткарылган. Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Кырсык Конго дарыясында болгон. Кемелердин бири Бусинга шаарынан өлкөнүн борбору Киншасага, экинчиси Киншасадан Луклолелуга бара жаткан. Бир кемеде 163 адам болгон. Экинчи кемедеги адамдардын саны так эмес.
Кырсыктын себептери азырынча аныктала элек.