www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Россия–Кыргызстан агрардык университеттер консорциумунун III Россия–Кыргызстан билим берүү форуму өттү.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору Рахат Ибраев катышуучуларга куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Форумдун жүрүшүндө айыл чарбасында инновациялык технологияларды колдонууга багытталган биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө келишим түзүлдү.

Макулдашуунун негизинде «Peatgel» гуминдик препаратын Кыргызстандын шартында жабык топуракта өстүрүлгөн жашылча жана тоют өсүмдүктөрүнө колдонуу, жайыттарды калыбына келтирүү жана тоок кыгын зыянсыздандыруу багыттары боюнча иштер жүргүзүлөт.

Келишимге Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту, Россиянын «Экопак» ЖЧКсы жана Кыргызстандын «Единство» коомдук фонду кол коюшту.

Кызматташтык илимий изилдөөлөрдү өндүрүш менен айкалыштырууга жана заманбап агротехнологияларды айыл чарба тармагына жайылтууга багытталган.

Последние новости