www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай РИИБнин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКга 2025-жылдын май жана июль айларында Кадамжай районунун 15 жаштагы  тургуну бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерине дуушар болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жабырлануучунун атасы кылмыш фактылары боюнча милицияга кайрылган. Тергөө амалдары Кадамжай РИИБнин тергөө кызматына жүктөлгөн. Бирок, тергөөчү «Т.А.» Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы «Н.С.» жана аймактык милиция кызматкери «Ш.Ж.» менен ич ара бүтүмгө келишип, 1 000 000 сом пара алуу менен шектүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотууга макул болгон.

10-август күнү, КР ИИМ Баткен ОИИБнын Ички иликтөө кызматкерлеринин көмөгү менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «Н.С.» жана «Ш.Ж» кармалып, «Ш.Ж.»га тиешелүү унааны тинтүү учурунда 200 000 сом акча каражаты табылган. Ал эми тергөөчү «Т.А.» нын иш бөлмөсүнөн жабырлануучу менен арыз ээсинин алгачкы көрсөтмөлөрү өзгөртүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча каршы көрсөтмөлөрдү, тосмо арыздарды камтыган тергөө материалдары алынды. 

Жогоруда аныкталган фактылар – жашы жете электерге карата жасалган өзгөчө оор кылмышты атайылап жаап-жашыруу, тергөө боюнча материалдарды бурмалоо жана кызматтык ыйгарым укуктарын одоно түрдө кыянаттык менен колдонуу боюнча мыйзам бузууларды тастыктайт.

Мындан тышкары, «А.А.» аттуу жаран кызмат адамына 1 000 000 сом өлчөмүндө пара берүү боюнча шектүү катары кармалды. Ал чоң суммадагы акча каражатын, кылмыш ишин кыскартып, кырдаалды оң жагына чечүү максатында жабырлануучунун атасынан тосмо арыз алууга, ошондой эле жабырлануучу «А.М.»дин көрсөтмөлөрүн өзгөртүүсүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн «Н.С.» жана «Ш.Ж.»га берген. 

Азыркы учурда айыпталуучулар кармалып, КР УКМК Баткен облусу боюнча Башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. КР КЖК 342-б. 3-б. 1-п. жана 345-б. 3-б. боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости