www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аляскадагы жолугушууга Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков менен тышкы иштер министри Сергей Лавров, ал эми америкалык тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана америкалык лидердин атайын өкүлү Стивен Виткофф катышууда. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп "үчкө үч" форматында сүйлөшүүлөрдү баштады. Сүйлөшүү Эльмендорф-Ричардсон аскер базасындагы бөлмөлөрдүн биринде жүрүп жатат.

Адаттагыдай эле жолугушуунун башында президенттер басма сөзгө ачык билдирүү жасашкан жок. Фотожурналисттерге бир нече сүрөт тартууга уруксат берген соң, бири-бирине карама-каршы отурган лидерлер жабык эшик артында өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Сүйлөшүүгө мамлекет башчыларынан тышкары орус тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана тышкы иштер министри Сергей Лавров, ал эми америкалык тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио жана америкалык лидердин атайын өкүлү Стивен Виткофф катышууда.

Эске сала кетсек, президенттер буга чейин Анкоридж шаарындагы аэродромдо учактарды тосуп алуу аземинде кыскача сүйлөшүүгө жетишти – Путин менен Трамп кызыл килем үстүндө бир нече сөз сүйлөштү. Андан соң орус мамлекетинин башчысы Америка лидеринин Кадиллак унаасына отуруп, анда Путин менен Трамп тете сүйлөшө алышты. Кийинчерээк президенттерге орусиялык жана америкалык делегациялардын башка мүчөлөрү да кошулары күтүлүүдө. Россия Федерациясынан Аляскага Каржы жана Коргоо министрлигинин жетекчилери Антон Силуанов менен Андрей Белоусов, ошондой эле президенттин чет өлкөлөр менен инвестиция жана экономикалык кызматташуу боюнча атайын өкүлү Кирилл Дмитриев бар.

Последние новости