www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуусу өтүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстан Пакистан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи.
Мамлекет башчысы ошондой эле Пакистандын Жакынкы Чыгыштагы чыңалууларды басаңдатууга багытталган көрөгөч жана тең салмактуу саясатын жогору баалай турганын айтты.
Тараптар эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашууда. Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алышууда.
Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга 6–9-июль күндөрү расмий сапар менен келген.
Бул сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр жана бир катар эки тараптуу иш-чаралар өтүүдө.