www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
85 жаштагы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Насридин Юсупов мамлекет башчысы Садыр Жапаровго кайрылып, өзү жана үй-бүлөсүнүн укуктарын коргоону суранды. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.
Юсуповдун үй-бүлөсүнүн айтымында, 2024-жылдын октябрынан тартып Чүй облусундагы УКМК кызматкерлери тарабынан аларга басым көрсөтүлүп, коркутуулар болгон. Алар Юсуповду мүлкүн өткөрүп берүүгө мажбурлоо аракети болгонун билдиришкен.
Үй-бүлө өкүлдөрү билдиргендей, Юсупов талаптарга макул болбой, маселени мыйзам чегинде сот аркылуу чечерин айткан. Андан кийин анын уулуна кылмыш иши козголуп, алты айга камакка алынганы жана жерлерин өткөрүп берүүгө аргасыз болгону айтылат.
Ошондой эле Юсуповдун өзүнө да иш козголуп, соттун чечими менен анын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Үй-бүлө бул чечимге каршы чыгып, Юсупов мыйзам бузбаганын жана мүлктү мыйзамдуу жол менен алганын белгилөөдө.
Маалыматка ылайык, 1995-жылы Юсуповдун жубайы ачык аукцион аркылуу «Ала-Тоо» ачык акционердик коомунун 8,8 пайыз акциясын 10 миң долларга сатып алган. Үй-бүлө бул сатып алуу менчиктештирүү процесси аяктагандан кийин болгонун айтып, өздөрүн «ак ниеттүү сатып алуучулар» деп эсептейт.
Юсуповдун жакындары сот процесстеринде мыйзам бузуулар болгонун айтып, чечимдерди кайра кароону сурашууда. Алар 2025-жылдын 3-июлунда Чүй облустук соту биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырганын билдиришти.
Үй-бүлө президенттен бул иш боюнча укуктук баа берилип, адилеттүүлүк калыбына келтирилишин өтүндү.