www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

К.Р.Президенти С.Ш.Жээнбековго

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Д.К.Сагынбаевге

К.Р.Жогорку Сотунун төрайымы А.А.Токбаевага

К.Р.Башкы Прокурору Ө.А. Джамшитовго

УКМКнын АКС башчысы С. Исмаиловго

 

К А Й Р Ы Л У У

2014жылдан ушул күнгө дейре Талас облусунун Бакай-Ата районунун билим берүү бөлүмү менен  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Б.Сатыбековатындагы орто мектебинин мурдагы директор болуп иштеген Садабаева Күлбайранын талаш-тартышы “Чубактын кунундай созулган” жомокко айланып,адилетсиздиктин туу чокусу көрүнүп тургандай. Сот системасында реформа аягына чыкпай, акыйкатты туу туткан соттордун саналуу болуп жатканы өкүндүрөт.Бийликтин бир бутагы болгон сот системасы көз-карандылыктан арылып, мыйзамдын үстөмдүгун орнотууга убакыт жетилди деп, эсептейбиз. Жакында Урматтуу Президентибиз С.Ш.Жээнбеков 20июль 2018ж. жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда:”Соттордун артында турган Манас Арабаевди жок кылдык, эми сотторду жарандык коом көзөмөлдөш керек, чогу көзөмөлдөйлү”. Жарандык коом коомчулукка таасир бере ала турган чоң кучкө айланды деп, айтканы бар. Президенттин бул сөздөрүн ар бир мамлекеттик структура өз ишинде пайдаланууга тийиш. Биз, жарандык коомдун өкүлдөрү кайдыгерликтен алыс болуп, калыстык пикирибизди айтууга мажбурбуз. Себеби ушунча жылдан бери улак тартышка айланган бул иштин аягы көрүнбөй, акыйкат чечим болбой коррупциялык кызыкчылыктардын болушу мүмкүн экени көрүнүп тургандай,  райондук билим берүү тармагына моралдык-психологиялык запкы жана билим берүү бөлүмүнун позитивдүү репутациясына терс таасир болуп жаткандыгын көрүп, билип турабыз. Билим берүү бөлүмүнүн толук кандуу иш алып баруусуна, өзүнүн милдетин тиешелүү деңгээлде аткарууга жолтоо болуп жатат. Жакында жаңы окуу жылы башталганы турат. Бул иштин адилеттүү, мыйзамдын үстөмдүгү менен чечилишин, Сиздерди көзөмөлгө алып берүүңөргө ишенип, үмүт кылабыз!

 Бул иштен кыскача маалымат:

07.05.2014жылы №17параграф-1буйругунун негизинде Садабаева Күлбайра К.Р. Эмгек Кодексинин 83-беренесинин 5-пунктунун жана 146- беренесине ылайык жумуштан бошотулган. Себеби райондук билим беруу тармагынын комиссиясы К.Садабаеванын өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүйөлүү себептерсиз аткарбагандыгы жана мектеп администрациясынын окуу-тарбия иштеринде орчундуу кемчиликтери аныкталган. Бул буйрукка нааразы болгон К.Садабаева Бакай-Ата райондук сотуна доо арыз менен кайрылат. Ошондон бери, тагыраак айтканда 2014жылдын май айынан бул соттук териштирүү эки ирет Жогорку Сотко чейин барып келип, бүтпөй жаткан учуру. Документтер менен толук таанышып чыккан соң, Биздин баамыбыздабул ишти караган кээ бир соттор жеке кызыкчылыкка  алдырып, демек коррупцияга жол берилип жатканы көрүнүп турат. Себеби К.Садабаеванын жалган көрсөтмөлөрүнө жана бурмаланган далилдерине таянып, мыйзамсыз чечимдерге жол берилип жатат. Тактап айтсак К.Садабаева соттордун башын айлантып, өзү мектеп директору болуп туруп, окуу-тарбия иштери боюнча орун басары менен жасалма эмгек келишимин түзуп, ал келишим соттук иштерде далил катары тиркелип жүрөт. Бул жасалма келишимде мектеп директоруна жумуш беруүчү болуп анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп жатпайбы? Мыйзам боюнча мектеп директоруна иш берүүчү болуп райондун билим берүү бөлуму эсептелинет.Соттук териштирүулөрдө толгон карама-каршылыктарга жол берилип, акыйкаттык орнобой жатканы көрүнүп турат. Териштирүудө эске алынбаган мыйзамдан үзүндү келтирип коёлу: “Эмгек талаш-тартыштарды кароо жөнүндө соттук тажрыйба” жөнүндө К.Р.Жогорку Сотунун Пленумунун 2013-жылдын 28-ноябрындагы №11 токтомунун 16-пунктуна ылайык жумушка кайра орноштуруу тууралуу ишти кароодо, эмгек келишими бузулган учурдагы жумушчунун Эмгек кодексинде бекитилген укуктарын ишке ашыруу маалында, укукту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбеген принциптери сакталышы керек, жумушчу жактан дагы. Айрыкча кызматкерди иштен бошотуу маалында, ал өзүнүн убактылуу эмгекке жарамсыздыгын жашыртып коюуга жол берилбейт.Эгерде кызматкердин укукту кыянаттык менен пайдаланууга фактысын тапса, сот анын жумушка кайра орноштуруу боюнча доосун канааттандыруудан баш тартса болот, (убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде иштен бошотулган кызматкердин суранычы боюнча иштен бошотуунун кунүн өзгөртүү менен), анткени мындай учурда иш берүучү, кызматкердин ак ниеттүү эмес аракеттеринин натыйжасы боюнча жооп бербейт.Бирок жогорудагы токтом соттор тарабынан эске алынбай, колдонулбай келет. Азыркы учурда Бакай-Ата райондук билим беруү бөлүмү тарабынан жаңы ачылган жагдайларга таянып ишти кайра кароого арыз берилип, иш кароого алынган. Жогорку айткандарыбызды эске алып, Соттордун калыс, акыйкат чечим чыгарып, кызыкчылыктын эмес, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга Сиздердин көзөмөлуңүздөрду суранабыз! Себеби төрт жылдан ашуун убакыттан берки К.Садабаеванын (эгерде ал утса) ала турган айлык маянасы кээ бир таза эмес сот кызматкерлеринин көзүн кызартып, суктандырып- кызыктырып жаткан жокпу деген ой туулат, анткени ал акча  бүгүнкү күндө жарым миллиондон ашкан сумма болуп жатат...! Кызыкчылыктардын кагылышын туура баамдасак,  мамлекеттик мекеменин кызыкчылыгы же укугум тебеленди деп, жасалма документтер жана жалган маалыматтар менен соттордун башын айланткан жеке адамдынкызыкчылыгы...!Соттор берген антына бек туруп, өздөрүнүн милдеттерин так аткарып, жыгач балка уруп чечим чыгараарда, мыйзамдын кулу экенибизди унутпаса...!

Тастыктоочу бардык документтер бар, тиешелүү инстанцияларга тапшырылат.

 

  1. “Акыйкат” кыймылынын төрагасы                                        А. Анарбаев

 

  1. “КСДП” партиясынын Бакай-Ата

районунун координатору                                                        А.Көккөзов

 

  1. “Айкөл  Ала-Тоо”коомдук уюмунун

Бакай-Ата районунун координатору                                      А.Рыскулбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости