www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин гезитке буга чейин Рустам Майсызов аттуу жарандын өлкө башчысы менен башкы прокурорго, Жогорку соттун төрайымына адилеттик издеген кайрылуусу жарык көргөн.
Рустам Майсызов жогорудагы жетекчилерге жолдогон кайрылуусунда 72 жаштагы атасы Исмар Майсызовдун негизсиз жагдайда бир жылдан бери камакта отурганын, учурда караңгы жайда отурган карыянын 2-даражадагы өтө жогорку тобокелчиликтеги гипертония оорусу, декомпенсация фазасындагы кант диабети, диабетикалык полинейрапатия баштаган бир катар оорулары күч алгандыгын, мындай шартта эң болбоду дегенде жашы келип калган аксакалды тез арада үй камагына чыгарып берүүнү өтүнгөн каты жарыяланган. Тийиштүү органдардын бул кайрылууну эч тоготпогондой жооп узатышпаганы кандай?
Сот, прокурорлорго адам тагдырларын каалагандай калчап көнүп калышкан. Куру дегенде бул ишке президенттик аппарат үн катып, маселеге көз кырларын салып коюшса болбойбу?
Баарынан кызыгы, 72 жаштагы карыянын камалышына парламент депутаты Мирлан Жээнчороевдин үлкөн салымы бар экендиги чынбы? Бул боюнча карыянын жакындары тарабынан жакынкы күндөрү тиешелүү далил документтер чыгып, эл өкүлүнүн бул кылгандары далилденсе уят болуп калбайбы?
Биз албетге, Жээнчороевге карата азырынча суроо гана бердик. Эрки жетсе жооп берер. Баса, 72 жашында адилетсиз жагдайда камакта отурган Исмар Майсызовдун оор абалын коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президентке жеткирбесе, оорусу күч алган карыянын абалы оорлошо берип, абал чатагына айланып кетпейби? Биз бул иштерге кылдат көз салып турмакчыбыз.
Булак: «Азия ньюс»