www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: 

“Урматтуу Кыргызстан жаштары!

Сиздерди Жаштар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү күндө жаңы Кыргызстанды курууга багытталган коомдук-саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууда жаштарыбыздын ролу артып, катышуусу күндөн-күнгө өсүп жаткандыгы мени абдан кубандырат. Өлкө турмушунда маанилүү орунду ээлеген, саясий жана жарандык позициясы бар жүздөгөн жаш мекендештерибиз бийликтин бардык бутактарында жетекчилик кызматтарда иштеп келишүүдө. Жүз миңдеген улан-кыздарыбыз турмуштун бардык тармактарында өлкөбүздүн негизги кыймылдаткыч күчүнө айланууда.

Мамлекеттик жаштар саясатын өркүндөтүү максатында “Жаштар жөнүндө” мыйзамга кол коюлуп, ишке кирди. Бул мыйзам жаштардын өнүгүүсүнө шарттарды түзүүдө чоң өбөлгө болоруна ишенем.

Ошондой эле мамлекет тарабынан жаштарга арналган маанилүү иш-чаралар да өткөрүлүүдө. Жакынкы мезгилде “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумун өткөрүү мерчемделип жатат. Аталган иш-чарага Кыргызстандын ар бир аймагынан активдүү жаштар катышмакчы. 

Урматтуу мекендештер, бүгүн биз баарыбыз дүйнө канчалык тез жана кескин өзгөрүп жаткандыгына күбөбүз. 

Коом турмушунда болуп жаткан оң өзгөрүүлөр менен катар, тилекке каршы, өсүп келе жаткан муундун жан дүйнөсүнө, аң-сезимине терс таасир этүүчү чакырыктар бар экени жашыруун эмес. Мындай кырдаалда өсүп келаткан муундарды, балдарыбызды ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн жана агымдардын терс таасиринен коргоо ар бирибиз үчүн эң актуалдуу милдет бойдон калууда. 

Жаштардын билим алуу, эне тилин билүү, жумушсуздук, арзан турак жай менен камсыздоо, миграция агымын азайтуу, салттуу эмес диний агымдардын таасиринен сактоо сыяктуу маселелери курч экени маалым. Мындай олуттуу көйгөйлөр мамлекеттин көңүл чордонунда. 

Биз жаштарыбызды ата-бабалардын наркын сактоо, эли-жерин сүйүү жана мамлекеттүүлүк идеяларын туу тутуу деми менен тарбиялоо, улан-кыздардын таланты менен жөндөмүн ача билүү боюнча баштаган масштабдуу иштерди улантабыз.

Азыркы дүйнөлүк атаандаштыктын катаал шартында интеллектуалдык потенциалы жогору кадрларга болгон муктаждык болуп көрбөгөндөй өсүп жатат. Мындай шартта жаштарыбызга инвестиция салууну өлкөбүздүн өнүгүүсүн бийик деңгээлге алып чыга турган, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган ресурстук капитал деп билебиз. 

Жаңы Кыргызстанды куруу шартында мамлекеттин саясатынын бардык багыттарында жаңылоону жана өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жаштар саясаты да четте калбайт. Жаштар — өлкөбүздү сүрөгөн негизги күч!

Урматтуу жаштар!

Силердин демилгелериңерди, инновациялык долбоорлоруңарды ар дайым колдоп беребиз жана мамлекеттик кызматтарга тартууну улантабыз. 

Мамлекетибиздин келечеги жана үмүтү, жасаган ар бир кадамы силер үчүн! Себеби Ата Мекенибиздин чыныгы ээси – силерсиңер.

Мен Кыргызстандын жаштары менен сыймыктанам!”.

Последние новости