www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандык жетекчилер, өлкөнүн чыгышын каптаган жана он миңдеген адамды ооруткан уулуу тумандан улам мектептерди, базарларды жана сейил бактарды төрт күнгө жабуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Чечим Пакистандын маданий борбору деп эсептелген Лахор эң булганган шаарлардын тизмесинин башында тургандан кийин кабыл алынды.

Дарыгерлер жарандарга беткап тагынып, үйдө болууну сунушташты. Көптөгөн адамдар жөтөл жана дем алуу кыйынчылыгын баштан кечиргени кабарланды.

Абанын булганышынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири деп эсептелген PM 2.5 же микроскопиялык бөлүкчөлөрдүн концентрациясы бейшемби күнү шаар боюнча 450гө жетти. Бул көрсөткүч "өтө зыяндуу" деп эсептелет.

Адистер өлкөдө күздүк буудай себүү мезгили башталганда талаа калдыктарын күйгүзүүнүн булгануунун негизги себептеринин бири экенин айтышат.

Последние новости