www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова 14-сентябрда Сеул шаарында өткөн «Корея Республикасы – Борбордук Азия: жасалма интеллект, илим жана келечектин технологиялары жаатындагы өнөктөштүк» аттуу биринчи министрлер жолугушуусуна катышты.
Жолугушууда Корея тарап жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатында Корея Республикасы менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө багытталган демилгесин тааныштырды.
Иш-чаранын алкагында жасалма интеллект жаатындагы кызматташтык жана илимий-технологиялык өз ара аракеттенүү боюнча эки тематикалык сессия өттү.
Гүлзат Исаматова жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү жана коопсуз колдонуу, адам капиталын өнүктүрүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана практикалык технологиялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кыргыз тарап жасалма интеллект боюнча региондук кызматташтык платформасын түзүүнү сунуштады. Анда технологияларды жөнгө салуу, адистерди даярдоо жана пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин бириктирүү сунушталды.
Ошондой эле биргелешкен илимий долбоорлорду жана консорциумдарды түзүү, окумуштуулар менен алмашууну кеңейтүү, жаш изилдөөчүлөрдү даярдоо, лабораторияларды, жабдууларды жана илимий маалыматтарды биргелешип пайдалануу маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү жана практикалык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экенин билдирип, жасалма интеллект, илим жана технологиялар жаатындагы «Корея Республикасы – Борбордук Азия» кызматташтыгы боюнча биргелешкен демилгени кабыл алышты.