www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын Агартуу министрлигинде окуу китептеринин учурдагы абалы, жетишсиздиги жана бул маселелерди чечүү жолдору боюнча пресс-конференция өттү.
Иш-чарага Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, министрдин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, орун басары Надира Жусупбекова, «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов, «Учкун» ААКтын жетекчиси Бакытбек Султанов жана тиешелүү жетекчилер катышты.
Пресс-конференцияда мектептерди окуу китептери менен камсыздоо, жаңы окуу жылына карата басылып жаткан китептер, айрым предметтер боюнча жетишсиздик жана аны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Министр Догдургүл Кендирбаева мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери эркин сатууга чыгарылбай турганын белгиледи. Анын айтымында, китептердин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу апрель айынан бери тиешелүү укук коргоо органдарына расмий кайрылуулар жөнөтүлүп келет.
Министрдин орун басары Надира Жусупбекова мамлекет тарабынан китеп саясатын системдүү жүргүзүү иштери эки жылдан бери аткарылып жатканын билдирди.
Анын маалыматына ылайык, ушул аралыкта окуучуларды 9 миллиондон ашуун окуу китеби менен камсыздоо иши жүргүзүлгөн.
Ошондой эле мектептерди окуу китептери менен толук жаңылоо жана камсыздоо иштери 2030-жылга чейин этап-этабы менен улантылары айтылды. Министрдин орун басары окуу китептерине байланышкан көйгөйлөр 35 жылдан бери топтолуп келгендиктен, аларды кыска убакытта толук чечүү мүмкүн эместигин белгиледи.
Жыйында электрондук окуу китептерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү да айтылды. Санариптик формат басма китептерге кошумча мүмкүнчүлүк түзүп, окуу процессинде пайдаланылары белгиленди.
Пресс-конференциянын соңунда журналисттер окуу китептеринин жетишсиздиги, басып чыгаруу, мектептерди камсыздоо, электрондук китептер жана мамлекеттик мектептер үчүн чыгарылган китептердин мыйзамсыз сатылышы боюнча суроолорун беришти.
Аларга министрликтин тиешелүү жетекчилери жооп беришти.