www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк көз карандысыз ЖМКлардын маалыматына караганда, Индияда уюштурулган БРИКС саммитинде Си Цзиньпин эс-учун жоготкон. Аны коштоп жүргөн медициналык топ тез жардам көрсөткөндөн кийин, ал Индиядагы сапарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, атайын учак менен Кытайга кайтып келген.
Учак Бээжиндеги аэропортко конгондон кийин, шаар бийлиги көп сандаган аткаминерлерди тосууга чыгарган эмес жана расмий салтанат да уюштурган эмес. Анын ордуна Си Цзиньпинди дароо аскердик тик учак менен Бээжиндеги №301 ооруканага жеткиришкен деген маалымат тараган.
Маалыматта айтылгандай, Бээжиндеги №301 оорукананын эксперттик тобу жүргүзгөн текшерүүдөн кийин Си Цзиньпинде оор ишемиялык инсульт, башкача айтканда, мээнин убактылуу ишемиялык кармашы болгон деген тыянак чыгарылган.
Ошондой эле Си Цзиньпин Индия тарап анын ден соолугу тууралуу маалымат алып калат деп чочулап, ал жактагы ооруканада шашылыш дарылануудан баш тартканы жана анын ордуна атайын учак менен Бээжинге дарылануу үчүн кайтканы айтылат.
Учакта операция жасоого шарт болбогондуктан, медициналык топ анын абалын турукташтыруу үчүн консервативдүү гана дарылоо жүргүзө алган деген версия айтылууда. Мындан улам шашылыш медициналык жардам жана операция үчүн маанилүү убакыт өткөрүлүп кеткен, ал эми Си Цзиньпин операциядан өтсө дагы, ден соолугуна олуттуу кесепеттер калышы мүмкүн деген божомол айтылган.
Учурда Бээжин бийлиги Си Цзиньпин сентябрдын аягына пландалган АКШ сапарына чейин толук калыбына келе алабы же жокпу, так айта электиги жана сапарды токтотуу зарылдыгы боюнча чечимди күтүп жатканы айтылууда.
NazarNews маалымат агенттигинин эмгек жааматы Си Цзиньпинге ден соолук, узун өмүр жана аманчылык каалайт.