www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, келечектүү багыттарды жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Ли Чжэ Мён Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөндөн бери кызматташтык ар түрдүү тармактарда ырааттуу өнүгүп келе жатканын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров Кыргызстан Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда саясий пикир келишпестиктер жок экенин жана бир катар эл аралык маселелер боюнча позициялардын жакындыгы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүү, визалык режимди жеңилдетүү, кыргыз товарларын Кореянын рыногуна чыгаруу, инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле 2024-жылдын декабрында Кореяга болгон расмий сапардын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын аткарылышы каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Садыр Жапаров Кореянын президентин дипломатиялык мамилелердин 35 жылдыгына карата Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Тараптар кыргыз-корей стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, эки тараптуу жана эл аралык деңгээлде тыгыз кызматташууну улантууга даярдыгын ырасташты.

Последние новости