www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Кыргызстандагы чет элдик жумушчулардын көптүгүнө байланыштуу сын-пикирлерге жооп берди.

Президент эгерде өзүнүн ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болсо, өлкө өзү долбоорлорду, мисалы, бүгүн курулушун баштаган Балыкчы-Чолпон-Ата темир жолун ишке ашыра аларын түшүндүрдү.

"Ошондуктан, блогерлер дейбизби, оппозиция дейбизби же өзүн көрсөткөн популист саясатчылар дейбизби, “каптап кетти, жайнап кетти” деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат да. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек.

Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз.

Ошол эле мезгилде биз дагы бекер отурган жерибиз жок, инженерлерибизди, курулушчуларыбызды жиберип, окутуп, тажрыйбасын бөлүштүрүп, “тажрыйбалуу болуп келгиле” деп ушундай иштерге өзүбүздүн колубуз жетпеген, күчүбүз жетпеген, инженерлерибиздин билими жетпеген жерлерди азырынча ушул кошуна өлкөлөргө курдуруп жатабыз.

Ал эми “өзүбүз курабыз” деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге блогерлерибизди барбагыла деп мен чакырып кетем. Мынакей, татаал эмес Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Каракол темир жолунун курулушун азырынча өзүбүз курганга мүмкүнчүлүк болот, мына куруп жатабыз", - деди өлкө башчы.

Последние новости