www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 13-июнь күнү Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты.
Алгач министр быйыл Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты өткөрүлө турган аймактагы даярдык иштери менен таанышты.
Учурда аталган аймакта Курулуш министрлиги тарабынан инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, унаа токтотуучу жайларды куруу, асфальт төшөө жана узундугу 800 метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү тротуарларды салуу иштери аткарылууда.
Объектте көчмө жумушчу жыйын өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө курулуш иштерин каржылоо, аймакты көрктөндүрүү, коопсуздук талаптарын камсыздоо жана эл аралык мелдешти өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери талкууланды.
Министр Нурдан Орунтаев даярдык иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай деңгээлде бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн: F1H2O World Championship - суу-мотор спорту боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу чемпионаттардын бири болуп саналат. Эл аралык мелдеш дүйнөнүн алдыңкы спортчуларын жана командаларын бириктирип, миллиондогон көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурат. Чемпионаттын Ысык-Көлдө өткөрүлүшү Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга жана аймактын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.