www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Дональд Трампты телефон аркылуу 80 жаш мааракеси менен куттуктады. Алардын сүйлөшүүсү тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.
Анын айтымында, Путин Трампка Киевдин Орусиядагы жарандык инфраструктурага сокку уруу аракеттери согуш талаасындагы кырдаалды өзгөртпөй турганын айткан.
Ал эми, Трамп Киевге жана АКШнын европалык өнөктөштөрүнө таасир этүүгө даяр экенин билдирген.
Путин Трампка Зеленский жолугушууну кааласа, Москвага келиши керектигин айткан.
"Зеленский Холокост трагедиясын унутпашы керек", - деди орус лидери.
Путин АКШ менен Ирандын ортосундагы "бүткүл аймакты тутандырышы" мүмкүн болгон чыр-чатактын жөнгө салынып жатканына канааттанганын билдирди.