www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан Афганистанга катуу эскертүү жасады

Пакистан Афганистандагы «Талибан» бийлигине катуу эскертүү берди. Буга 9-майда Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагындагы Банну районундагы полиция бөлүмүнө жасалган кол салуу себеп болду.

Чабуулдан 15 полиция кызматкери каза болуп, дагы 4 адам жаракат алды.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, тергөөнүн жыйынтыгында кол салууну Афганистанда жашырынып жүргөн террордук топтор уюштурганы аныкталган. Исламабад Кабулду өз аймагын террорчуларга колдонууга жол бербөөгө чакырып, керек болсо катуу жооп кайтарарын эскертти.

Ошондой эле Пакистан «Талибан» террордук уюмдарга каршы убадасын аткарбай жатканын айтып, өлкөнүн коопсуздугу боюнча эч кандай жеңилдик болбой турганын билдирди.

Последние новости