www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлигинин «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү жана экологиялык таза технологияларды жайылтуу боюнча саясатынын алкагында «Чакан ГЭС» ААКы өлкө аймагында электр кубаттоочу станциялардын (ЭКС) тармагын кеңейтүү долбоорлорун ишке ашырууну улантууда. ЭКСтерди орнотуу иштери Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жетекчилиги астында жүргүзүлүп, заманбап жана экологиялык таза транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Учурда өзгөчө көңүл Ысык-Көл облусуна бурулуп, жаңы электр кубаттоочу станцияларды орнотуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев айылындагы Мамбетова/Проектируемая көчөлөрүнүн кесилишинде үч электр кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн жер иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда компаниянын адистери Ысык-Көл облусу боюнча ЭКС тармагын кеңейтүүгө байланыштуу уруксат берүүчү документтерди даярдоо иштерин аяктап жатышат.
Долбоордун алкагында аймакта төмөнкүдөй станцияларды орнотуу пландалууда:
— Балыкчы шаарында 4 станция;
— Кызыл-Суу айылында 3 станция;
— Түп айылында 4 станция;
— Каракол шаарында 3 станция;
— Чолпон-Ата шаарында 3 станция;
— Бостери айылында 3 станция.
Кубаттоо инфраструктурасын өнүктүрүү иштери ырааттуу жүргүзүлүп, өлкөнүн негизги калктуу конуштарын жана туристтик багыттарын камтууда.
Эске салсак, 2025-жылы «Чакан ГЭС» ААКы тарабынан жалпысынан 10 электр кубаттоочу станция орнотулган. Анын ичинен:
— Бишкек шаарындагы Суворов көчөсү, 113 дарегинде 2 станция;
— Кемин районунда, Бишкек–Торугарт жолунун боюнда 4 станция;
— Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы «Ак-Шумкар» автобазасынын аймагында 4 станция орнотулган.
Электр кубаттоочу станциялардын тармагын өнүктүрүү электромобилдердин ээлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, транспорттук инфраструктуранын экологиялуулугун жогорулатууга жана заманбап транспорт түрлөрүнө өтүүнү колдоого багытталган.