www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто боор, бөйрөккө операция жасала баштайт

Ош шаарындагы мамлекеттик университеттин медициналык клиникасында боорго, бөйрөккө операциялар жасалат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, калаа башчысы Бакытбек Жетигенов Түркиядан келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрү менен жолуккан.

"Жолугушууда түркиялык профессор Ахмет Кызылай İnönü университетинин ОшМУ менен түзүлгөн меморандумунун алкагында окуу жайдын клиникасында баш сөөк, боор, бөйрөк органдарын алмаштыруу боюнча операцияларды жасап, ал үчүн окуу жайдын дарыгерлеринин тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окутуулар жүргүзүлөрүн айткан", — деп жазылат маалыматта.

Мэр бул демилгени колдоп, жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн билдирген.

Эске салсак, буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөдө бардык муктаждарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости