www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлиги «Учкун» басмаканасына окуу китептерин жеке менчик мектептерге сатууга тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн өткөн басма сөз жыйынында «Учкун» ААКнын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин басмакана окуу китептерин жеке мектептердин берген өтүнмөлөрүнүн негизинде эч кандай чектөөсүз сатып келген.
«Буга чейин уруксатты кайтарып жатышканын уктум. Биз үчүн андан да жакшы, тынч болот. Эми министрлик жеке менчик окуу жайлардан маалымат чогултуп, буйрутманы топтоп, кайсы мектепке канча китеп сатыларын өзү бөлүштүрүп берет», — деди Кубат Бейшеев.
Ал белгилегендей, мурда «Учкунда» китеп сатып алуучуларды текшерүүгө ыйгарым укук болгон эмес. «Бизде сатып алуучуларды текшерүүгө ыйгарым укук жок болчу», — деп кошумчалады Бейшеев.