www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги «Мадина» базарында 31-августта болгон өрттөн 51 контейнер күйүп, соодагерлер ири чыгымга учурады. Учурда базар иштеп жатканы менен, жабыркаган ишкерлердин көйгөйү толук чечиле элек.
Соодагерлер бийлик тарабынан убада кылынган жардам жана кенемте боюнча азырынча так маалымат берилбегенин билдиришүүдө. Айрымдары насыялары бар экенин айтып, товарлары толугу менен күйүп кеткенин белгилешти.
Мындан тышкары, ишкерлерди жаңы базарга көчүрүү маселеси да талкуу жаратууда. Соодагерлер жаңы жайдагы орундардын баасы кымбат экенин айтып, муниципалдык базар курууну сунушташууда.
Мэрия көчүрүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирсе, базар жетекчилиги өрттөн жабыркаган ишкерлер тууралуу маалыматтар бийликке жөнөтүлөрүн айтты.