www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында дагы үч окуучу кыз атырга ууланды

Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын үч окуучу кызы атырга ууланып, ооруканага түштү. Маалыматты аталган гимназиянын директору Зульфия Кадырова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, 14-апрель күнү 6-класстын окуучулары өздөрү менен кошо ала келген атырды себинишкен. 38 окуучунун ичинен үч окуучу кыздын абалы начарлап, Тез жардам кызматын чакырышкан.

Өспүрүмдөр Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, экөө медициналык жардам алган соң үйүнө жиберилген. Учурда үчөөнүн тең абалы жакшы.

Эске салсак, 29-мартта Кара-Суу районуна караштуу Таштак айылындагы мектепте 6-класстын окуучусу атыр чачып ойноп, кесепетинен 43 бала ууланган. Алардын 18и ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандары да болгон.

Последние новости