www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу максатында, чек аралар убактылуу жабылгандыгына жана эл аралык аба каттамдарынын токтогондугуна, ошондой эле коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу кабыл алынган карантиндик чаралардан улам чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын алып келүү иштеринин алкагында Иран Ислам Республикасынын Мешхед шаарынан Бишкекке чартердик аба каттамы менен мекендештер жана гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Гуманитардык жүктү берүү расмий салтанаты «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри – өкмөттөр аралык эки жактуу комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы Жанат Бейшеновдун жана Кыргыз Республикасындагы Иран Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазинин катышуусунда өттү. 

Берилген гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттарынан (беткап, кол кап, кийим, коргоочу көз айнек), дары-дармектерден турат. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдө коронавирус эпидемиясын жеңүүгө өбөлгө түзө турган гуманитардык жардам үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним көрсөттү. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости