www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаарында дезинфекция иштерин жасап жаткан жумушчуларга мас абалындагы тургун бычак менен кол салууга аракет кылган. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жумушчулар тургунга тоскоолдук кылбоосун өтүнгөн. Бирок, мас киши жумушчуларга агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, чөнтөгүнөн бычак алып чыгып, коркуткан.

"Биз ал адамдын үстүнөн арыз жазган жокпуз, эч жакка кайрылган да жокпуз. Биздин жумушта мындай учурлар кездешет. Андыктан, тургундардан биздин ишибизге тоскоолдук кылбоосун гана суранат элем", - деген шаардагы дезинфекция иштерин жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси.

Алматы шаарында 16-этаптагы дезинфекция иштери жүргүзүлүп, ага 462 адис тартылган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости