www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт министри Нурлан Сулайманов менен Камчыбек Ташиевдин баласы Таймурас Ташиев аркылуу Кыргызстанда жол куруудагы коррупциялык схемалар кандай жол менен ишке ашырылып келгени туурасында былыктар жакында ачылганы турат.

Дегенибиз, Нурлан Сулайманов Камчыбек Ташиевдин таасиринен пайдаланып, анын баласын өнөктөш катары өзүнө кошуп алып, эч ким эми биздин ишти текшерип кың эте алышпайт деген өңдүү өз билген ботколорун чалышканы айтылууда. 

Алар 5 жыл аралыгында жол куруу тармагына монополист болуп алышып, арзан баадагы битумдарды кымбат баада кириштешип, оңбогондой кирешеге туйтунуп, мамлекетке ири көлөмдө зыян алып келишкени боюнча иликтөө иштери жүрүп, укуктук баа берилгени турат. 

Кезинде Нурлан Сулаймановго Транспорт жан жол министри болуп турган жылдары 250 миллион сомдон ашуун каражатты кыянаттык менен пайдаланган деген жүйө менен Башкы прокуратура коррупцияга айыптап кылмыш ишин козгогон. Ал ошол кезде өлкөдөн чыга качып, кийин бийлик алмашкандан соң кайтып келип, былык иштерин “жең ичинен” бүтүрүп алганы кеп болду. Кылмыш иши “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” дегендей изи сууду. Эми бул жолу да “мыйзам шалга айланып” суудан кургак чыкпаса болду.

Последние новости